super.kg logo

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан өлкөгө коронавирус инфекциясынын жайылышына алып келген себептер менен шарттар иликтенүүдө

 

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан өлкөгө коронавирус инфекциясынын жайылышына алып келген себептер менен шарттар иликтенүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңеш кабыл алган чечимдеринин ишке ашырылышына туруктуу мониторинг жүргүзүп жатат.

Азыркы учурда катчылык тарабынан Коопсуздук кеңешинин сунуштамаларын ишке ашыруу максатында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына мүмкүндүк берген шарттар менен себептерге, айрым учурларда адам өмүрүн алып кеткен жагдайларга, анын ичинде мамлекеттик органдардын, саламаттыкты сактоо уюмдарынын калкка медициналык тез жардам көрсөтүүгө даяр эместигин иликтөө, анализ тыкыр жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы Коопсуздук кеңешинин жыйынына чыгарылат. Анда өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык абалынын начарлап кетишине жол бербөөгө багытталган тиешелүү уюштуруу-башкаруу жаатындагы чечимдер кабыл алынат жана мамлекеттик органдарга кошумча сунуштамалар берилет.

Азыркы тапта Финансы полициясы органдары тарабынан дагы төмөнкү фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат:

  • Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдары тарабынан кетирилген шалаакылыктар;
  • Фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик контракттар үчүн көз көрүнөө эле пайдалуу болбогон корутундуларды жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер;
  • Мамлекетке ири зыян же өзгөчө ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү.

Коопсуздук кеңештин катчылыгы кызыкдар тараптардын баарын — жарандарды, эксперттерди жана жарандык коом институттарын аталган маселе боюнча колдо болгон материалдарды жана сунуш-пикирлерди иликтөө жана анализдөө үчүн, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдалып жаткан материалдар менен жалпылаштыруу үчүн биздин дарекке жолдоону өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: