super.kg logo

Шайлоо-2020: Төрөбай Зулпукаров: "Биздин жеңишибиз – бул бүткүл Кыргызстандын жеңиши!"

 

Бүгүн, 4-сентябрда парламентке аттанган саясий партиялардын расмий үгүт ѳнѳктүгү башталды. Ал эми “Биримдик” партиясынын үгүт ѳнѳктүгүнүн ачылыш аземи салтанаттуу түрдө "Жеңиш" аянтынан старт алды. Иш-чарага партиянын лидерлери, тарапташтары жана партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты.

“Биримдик”партиясынын лидери Марат Аманкуловдун орун басары, Жогорку Кеңештин депутатыТѳрѳбай Зулпукаров өз сөзүндө партиянын негизделишине токтолуп, партия 2019-жылдын 10-сентябрында түптөлгөнүн, ошол учурдан тартып ѳз ишмердүүлүгүн баштаганын белгиледи.
“Мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 4-октябрында парламенттин жетинчи чакырылышына шайланууга күчтүү команда менен расмий аттандык. Партиянын тизмесинде жаңы жүздөр, тажрыйбалуу саясатчылар бар. Биздин команда жалпы Кыргызстанды камтыган эң күчтүү команда десем жаңылышпайм”, - деди Зулпукаров.

“Команданын негизги идеясы - Евразиялык тандоо. Анткени кыргыз элинин басып өткөн тарыхына көз чаптырсак Орхон Енисейден тартып, Венгрияга чейин учурунда империя болуп турган. Ошондой эле Алтай-Ала-Тоо цивилизациясы Евразия чөлкөмүндө жашап жаткан жалпы улуттар менен тарыхы, карым-катнаш тамыры, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү бирге чечип жүргөн тарыхы бир”, - деди ал.

“Биз алдыга койгон максатыбызда Евразия чөлкөмүндө жашаган кошуна мамлекеттер менен биргеликте келечекти түзө алабыз деген бир идеяны көздөдүк. Ошондуктан биздин катардагы уул-кыздарыбызды, жалпы кесипкөй инсандарыбызды жалпы кыргыз эли колдойт деген үмүтүбүз бар! Биздин бүгүнкү биринчи иш-чарабыз "Жеңиш" аянтынан башталып жатат, Кудай буюрса, 4-октябрь күнү үгүт кампаниябыз дагы жеңиш менен жыйынтыкталат! “Биримдик” партиясы өлкөбүздүн экономикасын өргө сүрөйт деп ишенебиз. Келечектеги саясий-экономикалык туруктуулук – бул “Биримдик”, - деп жыйынтыктады өз сөзүн Төрөбай Зулпукаров.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 4. Нускасы 1 даана.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(5)
04.09.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биримдик партиясы алга! Татыктуу кандидаттар бара жатат. Көрө албагандар туз жаласын
altyn-kumush түзөттү 2020-09-04 15:46:51
04.09.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аттанган улуу жолго “Биримдикпиз”,
Чоң максат, чоң тилекке бириктик биз.
Бабалар чаап кеткен ыйык нуктан,
Тайыбай, тээ түпкүрдөн тирилдик биз!
04.09.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Төрөбай Закирович туура кадам койгон. Депутаттардын арасында да созу өтүмдүү маанилүү сүйлөгөн депутат. Колдойм.
04.09.2020. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Биримдик жаштардан куралган мыкты Команда болду Ийгилик каалайбыз!!!
04.09.2020. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаштар барганы жакшы,бирок Зулпукаров барбай эле койсо болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: