Чүй, Жалал-Абад жана Бишкектен дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти




Бүгүн, 4-сентябрда медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар "Алтын Жай" пансионатында эс алышып, ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи. Бул жолу инфекция очокторунда өз өмүрүн тобокелге салган Чүй жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын 260 медицина кызматкерлери эс алууга жолдомо алышты.
"Аталган иш-чаралар президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин мерчемделген иш-чаралардын алкагында өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.