super.kg logo

Орусиядан кайтуу үчүн билеттерди кайдан алуу керек? Элчиликтин тизмеси

 

Москвадан кайтуу үчүн билеттерди өз алдынча сатуу укугун "Авиатраффик", "Аэрофлот", "Сибирь", "Тез Жет" жана "Урал авиалиниялары" компаниялары алышты. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билеттер расмий кассаларда же компаниялардын сайттарында сатыкка чыгат.

Билеттерди төмөнкү жерлерден алса болот:

- "Авиатраффик" билеттерди иш күндөрү саат 10:00дөн 19:00гө чейин "Домодедово" эл аралык аэропортундагы №107 кассада сатат. Ал эми сайтында билеттерди онлайн ээлеп коюуга болот.

- "Аэрофлот". Кеңсе менен кассалардын даректери авиакомпаниянын расмий сайтында жайгашкан. Ошондой эле билеттер онлайн режиминде сатылат.

"Урал авиалиниялары" - Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректерде жайгашкан:

  • "Домодедово" аэропорту, №105 жана 106 кассалары (күнү-түнү иштейт);
  • Павелецкий бекети, "Аэроэкспресс" залындагы №7 кассасы (күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин);
  • Соймонов проезди, 7-үй, 1-корпус, "Кропоткинская" метро станциясы (иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин).
  • "Сибирь". Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректерде жайгашкан:

  • "Домодедово" аэропорту, биринчи кабаттагы учуу залы, сыртка чыга турчу үчүнчү эшиктин жанында (күнү-түнү иштейт);
  • Павелецкий бекети, "Аэроэкспресс" залы (иш күндөрү 09:00дөн 20:00гө чейин). Билеттерди компаниянын сайтынан онлайн режиминде сатып алууга болот.

Баса белгилей кетсек, элчилик билеттерди жеке кассалардан жана агенттиктерден, ошондой эле ортомчулар менен алып сатарлардан албоону эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.09.2020. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билеттин баасын асмандатбай, сүйлөшүү жүргүзсө кандай болот эле. Эл кыйналды!
04.09.2020. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адрестер Москвдагыларгаго башкаа чон шаарларчы Новосибирск Екатеринбург кай жерден алышат
04.09.2020. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элчилигине к..... М
05.09.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рейстер жокко сентябрда, ачылган менен билет сатып ала албасан не кереги бар. 1-октябрга билет алдым эле рейстер отменен болуп атат ко.
roklait түзөттү 2020-09-05 18:46:26
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: