super.kg logo

Мындан 4 жыл мурда өспүрүм кызды зордуктаганга шектелип, издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиядан кармалды

 

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран Москвадан кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шектүү жаран 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Ушул жылдын август айынын аягында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган Т.У. аттуу тургунун кармашкан. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 132-беренесинде ("16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо") көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча 2016-жылдан бери издөөгө алынган.

"Такталган маалымат боюнча, жогорудагы жаран 2015-жылы күз айында жашы жете элек өспүрүм (2001-жылы туулган кыз) менен жыныстык катнашка барып, кыздын боюнда болуп калган. Окуя болгондон кийин Т.У. изин жашырып качып кеткен. Кийинчерээк шектүү Орусиянын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан сырткары жогорудагы жаран федералдык издөөдө жүргөндүгү такталган. Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча издөөгө алынган.
Учурда кармалган жаран Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Минск конвенциясына ылайык, шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселе Орусиянын мыйзамына ылайык кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин чечилет", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.09.2020. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алып келип муну дагы койуп жибербегиле, амнистияга илешти же кылмыш иши эскирди жана ошондой эле бизде модага айланган нерсе эки жак элдешти деген сөз бар!
04.09.2020. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AdylbekB84,ишениш жок биздикилерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: