super.kg logo

Бирге окуйбуз! Аралыктан окуп жаткандар сабак жүгүртмөлөрү менен сабактарды кайдан караса болот?

 

О! Мобилдик оператору абоненттерин санариптик билим берүү контентине эркин кирүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууну улантууда.

Бардык О! абоненттери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган телесабактарды О!TV тиркемесиндеги «O!TV Окутуу» сервисинин жардамы менен көрө алышат.

Телесабактарды түз эле смартфондо, планшетте же SMART TV функциясы бар телевизордо көрсө болот:

  • «Баластан»
  • «ЭлТР»
  • «Илим Билим»
  • «5 канал»
  • «Пирамида»
  • «Санат»

Кантип кошулса болот?

  1. О!TV тиркемесин жүктөп алыңыз;
  2. *750*88# буюртмасын териңиз жана шарт белгини алыңыз;
  3. Тиркемеге кирүү үчүн: ЛОГИН – сиздин телефон номериңиз, ШАРТ БЕЛГИ – бул SMS аркылуу алган код;
  4. Шарт белгини унутуп калдыңызбы? Шарт белгини жаңылоо үчүн *750*5# буюртмасын териңиз.

Сервиске кантип кошулуу жана кантип пайдалануу тууралуу бир мүнөттүк видеону шилтеме аркылуу көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=gj0Z2gAF2l4

Сабак жүгүртмөсүн кайдан көрсө болот?

Сабактардын актуалдуу жүгүртмөсүн «Мой О!» тиркемесинин «Мектеп» бөлүмүнөн билсе болот.

Кайсы түзүлүштөрдөн O!TV тиркемесин көрсө болот?

О!TV тиркемесин жайлуу көрүү үчүн мультискрин функциясы ишке ашырылган. Эми үй-бүлөдө бир эле O!TV аккаунттун (бир логин жана шарт белги) болгону жетиштүү, ал эми сервис менен үй-бүлөнүн дароо 3 мүчөсү ар түрдүү түзүлүштөрдөн бир учурда пайдалана алышат. Мисалы, атасы телевизордон футбол, апасы смартфонунан сүйүктүү сериалынан, ал эми баласы планшетте мультиктерди же телесабактарды көрө алат.

Сабак жүгүртмөсү боюнча сабакты көрүүгө жетишпей калганда эмне кылуу керек?

Эгер бала алаксып калса же сабакты көрө албай калса О!TV тиркемесинде кийинкиге калтырылган көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул эфирде көрсөтүлгөн телекөрсөтүүлөргө кайрылууга жана аларды кийинчерээк көрүүгө шарт түзөт. «Мой О!» тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүндө сабактар жазылып алынган, аларды каалаган убакта кайрылып көрүүгө болот.

О!TV сервиси бардык баланста жеткиликтүү, ал эми интернет-трафик тарификацияланбайт жана интернеттин негизги топтомунан эсептелинбейт.

O!TV тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сиз otv.kg сайтынан билсеңиз болот.

О! Мобилдик оператору менен бирге окуйбуз.

O! TV кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмуну жана контент «Диас ТВ» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: