super.kg logo

Менин жерим: Чоң кызматты каалап, жетекчи болом дегендер зыярат кылган Падыша-Ата мазары тууралуу баян

 

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Падыша-Ата коругу жана айылы жөнүндө болот. Аталган айыл жаратылышынын кооздугу, климаты менен өзгөчөлөнүп турат жана бул айылда Падыша-Ата мазары бар. Айыл тууралуу Анара Ташбаева баяндап берди.

Падыша-Ата коругунун жалпы аянты 30 миң 560 гектарды түзөт. Бул жерде сүт эмүүчү жаныбарлардын 31 түрү, канаттуулардын 51 түрү байырлайт. Кооз жаратылышы арча, карагай, кожагаты бар. Корукта Падыша-Ата мазары да жайгашкан.

Элдик уламыштарга жана тарыхый маалыматтарга таянсак, XI, XII кылымдарда Фергана өрөөнүнө Ислам динин жайылтуу максатында 12 миңдей аскери менен Арабдар келишет. Алар жердин ыңгайына карап, Ала-Бука районуна отурукташып, жергиликтүү тургундарды динге үндөп, киргизүү үчүн күч колдоно башташат. Күчтүү колу бар Арабдар менен жергиликтүү эл тургундары ачык согушка чыга албай, айла-амал колдонушуп, аларга жума намаз учурунда кол салышат. Себеби шарият боюнча намаздан туруп кетүүгө болбойт эле.

Ошентип Араб аскерлерин намаз убактысынан пайдаланышып, баштарын кыя чаап, дээрлик көпчүлүгү кыйылып, алдыңкы саптары гана намазды жыйынтыкташып, качып үлгүрүшөт. Дал ошол кыргындан качкан, дин боюнча аалым, илимдүү кишилер Аксынын ар кайсы тарабына качышып элдүү, берекелүү жерлерди мекендешип, ар кимиси өз алдынча элди динге үгүттөп Исламды жайылтышкан.

Өздөрүнүн көрөгөчтүгү, даанышмандыгы менен эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, сыйлуу адамдардан болушат жана көзү өткөндөн соң ошол аймак алардын атынан аталып мазарга айланган. Азыркы учурда Аксынын ар тарабынан ушул уламышка тиешелүү бир нече мазарларды кезиктирүүгө болот. Алардын бири Падыша-Ата мазары. Бүгүнкү күндө өзгөчө корголгон аймак.

Өзгөчө кооздугу, сулуулугу менен келген конокторду өзүнө арбап алат. Падыша ата Куранды Фарсы тилине которгон жана динди жыйылтууга зор салымын кошкон бийик даражадагы адам болгон деп айтылат. Бүгүнкү күндө бул жердин кооздугуна арбалып жана касиетине зыярат кылып тургандар абдан көп.

Бийлик сурасаң Падыша-Атага бар дегендей, чоң кызматты каалап, жетекчи болом же падыша болом дегендердин дээрлик бардыгы ушул жерге келип зыярат кылып кетишет.

"Падыша-Ата" Аксынын эң кооз жерлеринин бири.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(5)
06.09.2020. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Созсуз эле арабтардын жерине барып заярат кылбай эле оз жерибизде заярат кылсак болот. Кыргызстанда ыйык жерлер абдан коп. Биз болгону маалымат билбейбиз. Канчалык кобуроок оз жерибизде зыярат кылсак, ошончолук жакшы болот.
Ka2sr1 түзөттү 2020-09-06 16:53:38
07.09.2020. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ka2sr1,толугу менен кошулам, орто мектептер үчүн Кыргызстан тарыхына кошуу керек, теле-радио,гезиттер аркылуу ушундай рубрикаларды көбөйтүү жакшы жыйынтык алып келет.
07.09.2020. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жайлоолордо балалык кезим откон. Каникул болуп болбой жатып жайлоого кетип калчу элем. Эн кооз жеплерлин бирида Падыша Ата.
07.09.2020. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз менен корсон мындан да коз, автор кооздоп жаза албаптыр, чындыгында кооз, керемет, бейиштей жер, мен болгону эки жолу баргам жана суйуп калгам.
Уламыш уктум эле мазарга киргенде: ошол Падыша атанын олугун Озбекстан таракан комобуз деп алып кетип жатканда, ошол мазар турган жерге барганда кайып болуп кетет деп анан ошол жер мазар болуп калат деп....
Чынбы? Жалганбы? Билбейм.
07.09.2020. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында ото кооз жер,,автор Аксы р Авлетим айыл окмотуно караштуу Итагар айылына дагы барып эс алып кетпепсинер,биздин жайлоо дагы ото кооз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: