super.kg logo

"Бир Бол" партиясы экологиялык акция өткөрдү (фоторепортаж)

 

“Бир Бол” саясий партиясы үгүт кампаниясын тазалык акциясы менен баштады. Талапкерлер, партия мүчөлөрү жана тарапташтары Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосуна барып, желексаптын айланасын таштандылардан тазалашты.

Жыйынтыгында жалпы 300 килограммдан ашуун таштанды чогултулуп, иргелип алынган калдыктар кайра иштетүүгө жиберилди. Калганы полигонго ыргытылды.

Ошондой эле “Бир Бол” партиясынын Ош шаарындагы талапкерлери А.Навои атындагы сейил бакты иретке келтиришти.

“Мындан ары шаарыбызды, өлкөбүздү тазалайбыз! Уурулукту, жемкорлукту жоюп, таза адамдардан турган коом түзөбүз”, - дешет талапкерлер.

“Бир Бол” партиясынын Ош шаарындагы тазалык акциясынан сүрөттөр

Бишкек шаары, Айни көчөсү, 31/ 403 дарегинде жашаган Байсалбек Кадыралиев тарабынан даярдалган. Нускасы: 1 даана. "Бир Бол" саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен "Бир Бол" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: