Айдоочулардын эсине! Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелде транспорт каражаттары үчүн чектөөлөр киргизилет
Бишкек-Ош унаа жолундагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелде транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мындай чектөө 4-сентябрдан 30-сентярбга чейин созуларын Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Бишкек-Ош жолундагы "Төө-Ашуу" ашуусундагы тоннелдин ичине видеокамералар орнотулат. Мындан улам транспорт каражаттарынын каттамына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Ага ылайык:
Саат 08:00дөн 09:30га чейин - оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жол жабык болот;
Саат 09:30дан 14:00гө чейин - унаа каттамдары үчүн жол ачык болот;
Саат 14:00дөн 15:30га чейин - оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жол жабык болот;
Саат 15:30дан эртең мененки 08:00гө чейин - унаа каттамдары үчүн жол ачык болот.


1 |