Өткөн шайлоолорго караганда быйыл участкаларга көбүрөөк пандустар орнотулат
Шайлоо участкаларына пандустарды(атайын тепкичтерди) орнотуу иштери улантылууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эгер 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27 пайызына гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65 пайызы ушул шайман менен жабдылды.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Өлкө боюнча жалпысынан 2 миң 462 шайлоо участкалары түзүлгөн. Ал эми өлкөнүн чегинен тышкары 44 шайлоо участкалары уюшулган. Чет жакта жүргөн, добуш берүүгө укуктуу мекендештердин саны 13 миң 442 адам.
