Японияда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, жаракат алгандардын саны 11ге жетти
Японияда жер титирөө катталып, андан кеминде 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-сентябрда Япониянын Фукуи аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан 11 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Алардын арасында 2 жаш бала бар экендиги айтылат маалыматта. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймакта дагы жер титирөө катталуусу күтүлүп жатканын айтып, тургундарды сак болууга чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.