Өлкөдөгү сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча статистика
Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктаганын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин төртүнчү чейректеги дистанциялык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3 миң 403 үй-бүлөнү сыналгы менен камсыздаган.
"Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1 миң 928 сыналгы жана 31 миң 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады", - деп жазылат маалыматта.
Жаңы окуу жылынын башталышына карата сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча облустар аралык статистика:
Облус/шаар |
Канча окуучунун үйүндѳ сыналгы жок |
Канча окуучунун ѳздүк уюлдук телефону жок |
Талас облусу |
0 |
6113 |
Ош облусу |
85 |
235 |
Жалал-Абад облусу |
264 |
953 |
Нарын облусу |
119 |
54 |
Баткен облусу |
238 |
2392 |
Ысык-Көл облусу |
544 |
1137 |
Чүй облусу |
1994 |
12606 |
Ош шаары |
0 |
193 |
Бишкек шаары |
350 |
7717 |
Республика боюнча |
3594 |
31400 |





1 |