super.kg logo

Бейрут шаарындагы жарылуудан кийин урандылардын арасында тирүү адамдар бар болушу мүмкүн экендиги айтылууда

 

Ливандын борбору Бейрут шаарындагы жарылуудан кийин урандылардын арасында тирүү адамдардын бар экендиги байкалууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлеринин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ливандагы жарылуудан кийин аталган өлкөгө жардамга келген чилилик куткаруучулар тобунун атайын үйрөтүлгөн иттери шаардагы тарыхый Мар Майкл районундагы кыйраган имараттын урандыларынын астында тирүү адам бар деген ишарат кылышкан. Иттер эртеси дагы ал жерде тирүү адам бар экендиги жөнүндө ишарат кылган.

Мындан улам куткаруучулар адамдын жүрөгүнүн кагышын же дем алуусун аныктай турган атайын сканерди колдонушканда, адамдын дем алуусу жана тамырынын согушу байкалган. Учурда аталган аймакта жымжырттык режими жарыяланып (жардам сураган үндөр угулушу үчүн), издөө иштери улантылууда.

Аммиак селитрасынын кампасы 4-августта Бейрут шаарындагы портто жарылган. Жарылуудан кеминде 163 адам каза болуп, 6 миңден ашык адам жаракат алса, 300 миңден ашыгы үй-жайсыз калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.09.2020. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Андан бери канча кун отту...даже бир ай болду окшойт жарылганы. Тируу адам урандын астында болсо ачкачылыктан олмок да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: