super.kg logo

Дүйнөдөгү эң кымбат делинген тыйын сатыкка коюлду

 

1794-жылы чыгарылган сейрек кездешкен күмүш тыйын сатыкка коюлду. Ал 2013-жылы 10 миллион долларга сатылган. Эми кайрадан жаңы рекорд коюуга даяр. Бул тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты

Анда жазылган маалыматка ылайык, аталган тыйындын бир бетинде Эркиндиктин символу болгон аялдын сүрөтү, ал эми арткы бетинде АКШнын символу болгон ак баштуу бүркүт түшүрүлгөн.

"Бул тыйын мен сыймыктанган эң баалуу артефакт, андан айрылуу мен үчүн абдан өкүнүчтүү. Анын жаңы кожоюну менден да артык баалай алат деп ишенем", - деген тыйындын учурдагы кожоюну Брюс Морелан.

Бул күмүш тыйындан болгону 1758 даана чыгарылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андан 130-140 даанасы гана сакталып калган. Бул тыйындар мартабалуу адамдарга сувенир катары берилип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: