super.kg logo

Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү балдар ооруканаларында орундар жетишсизби? Министрликтин жообу

 

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы күндөрү мессенжерлер аркылуу тараган "Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусундагы медициналык жайларга балдар оор абалда көп кайрылып, бейтапканаларда орундар жетишсиз болуп жатат" деген билдирүүнү төгүндөп, жалган экенин эскертет.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык балдар ооруканалары кадимки режимде иштеп жатат, эч кандай балдардын эпидемиясы жок.

"Бишкекте COVID-19 менен ооругандар Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жана №6 Бишкек клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат. №6 бейтапкананын жетекчилигинин айтымында, 120 керебеттин 42си бош. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы COVID-19 менен ооругандар үчүн 204 керебет каралганын белгиледи. Анын ичинен бош орундардын саны 150. Бишкек шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасында балдар үчүн жалпы 400 керебет каралса, анын 60ка жакыны бош.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Мира Кыдырбаева облуста балдарды кабыл алуу үчүн жалпысынан 121 керебет уюштурулганын, анын 115 керебети бош экенин кабарлады", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: