Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 3 миңден ашты
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
• Баткен облусунда – 2;
• Жалал-Абад облусунда – 2.
Ал эми бир суткада 2 медкызматкер айыкты делинип, ооруканалардан чыгарылды. Үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыкты.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 3149 медкызматкерге коюлса, алардын ичинен 2550 ак халатчан айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.