super.kg logo

Сизге кайсы күүлөр жагат? Кыргыз өлкөсүндө Комуз жумалыгы онлайн өтөт

 

Кыргыз өлкөсүндө Комуз жумалыгы 7-сентябрдан 13-сентябрга чейин эпидемиологиялык абалды эске алуу менен онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева SUPER.KG порталына билдирди.

"Программада залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, ошондой эле залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүп, ал “Маданият.Тарых.Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлөт", - деп билдирди Айнура Асанбаева.

Эске салсак, “Комуз күнү” Кыргыз өлкөсүндө 9-сентябрда белгиленет. Аталган майрам элдин биримдигин бекемдөөгө жана коомчулукту бириктирүү максатында белгиленип келет.

Ошондой эле Маданият министрлигинен өлкөдөгү бардык жарандар аталган жумалыкка катыша аларын билдиришти. Ал үчүн Фейсбук жана Инстаграм аркылуу #ТаңшыКомуз хештегин колдонуу менен видео жарыялоо жетиштүү.






Кыргыз өлкөсүндө Комуз жумалыгы онлайн өтөт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.09.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун. Ушундай иш чараларды кобурок уюштурсанар жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: