super.kg logo

Канатбек Исаев: Мамкызматкерлердин санын кыскартып, тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөбүз

 

“Кыргызстан” партиясы мамлекеттик кызматкерлердин санын кескин кыскартып, билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөт. Бул тууралуу партиянын лидери Канатбек Исаев партиянын платформасын коомчулукка тааныштыруу иш-чарасында айтты.

Партия лидери белгилегендей, ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн милдеттерин так жана толугу менен аткарганда, өлкөдө да өнүгүү болот.

“Тилекке каршы бүгүнкү күндө компетенттүүлүгү төмөн деңгээлде болгон мамлекеттик кызматкерлердин саны өтө көп. Алар өздөрүнүн натыйжасыз иштери менен кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетпей, тескерисинче тоскоолдуктарды жаратышат. Биз “Кыргызстан” партиясы мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу менен бирге билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөбүз. Натыжайда, кыргызстандыктар мамлекеттик кызматкерлерден өз милдеттерин так аткарууну талап кылып, баарыбыз өз максаттарыбызга жетебиз”, – деди Исаев.

Канатбек Исаев ошондой эле бүгүнкү күндө бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелердин саны өтө эле көп экендигине токтолуп, аларды кыскартууга убакыт келгендигине токтолду.

“Бүгүнкү күндө автоматташуунун жыйынтыгы менен 4-5 адам аткарган жумушту бир адам аткарып койгон күн келди. Биз дагы окшош мамлекеттик мекемелердин санын кыскартып, дүйнө багыт алган жолго түшүүбүз керек. Биз мындай жол менен мамлекеттик бюджетти үнөмдөп, кесипкөй адистердин жаралышына шарт түзөбүз”, – деди Исаев.

Канатбек Исаев ошондой эле парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталышын “Кыргызстан” партиясынын жеңишке карай кадамы экенин баса белгиледи.

“Урматтуу достор, ушул күндөрү Кыргызстандын бардык жарандары биздин биримдигибизге жана жеңишке ишенгенибизге күбө болушту. Менин оюмча, биздин партиябыздын жактоочулардын саны мурдагыдан дагы өстү”, - деди партия лидери.

“Кыргызстан” партиясынын шайлоого аттанган максаты - бул кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн талыкпай иштөө менен бирге ата-бабалардын аманатын аткарып, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртуу.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
05.09.2020. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
койгула эми тил эмизе берип чарчаттинар
05.09.2020. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ар шайлоо булардын убадасын угуп жыргап жашоо башталат экен дейбиз.Эртеси эле кайра куураган жашоо чон соройлор эле жыргап аткан
05.09.2020. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мурункусун айтпай эле койоюн, кечее эле ЖоКе.де отурдунар, кана ошондо ушул программаны аткарганынар. Элдин башын айлантып эле эптеп отуп алыш керек булардын ою
05.09.2020. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Өзүнөрдүн өзүңөр кыскартып эле шайлоого барбай койсоңор калың эл кол чаап колдомок.Тилекке каршы бетинер бетон.
05.09.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уят деген бир да жок экен, кайсы бетиңер менен айтып жатасыңар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: