Ошто аскер бөлүмүндө кызмат өтөп жатып качып кетти делинген жоокер өзү кайтып келди
Ошто аскер бөлүмүндө кызмат өтөп жатып качып кетти делинген жоокер аскер бөлүмүнө өзү кайтып келди. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.
“Качып кетти делинген жоокер бүгүн өзү кайтып келди. Азырынча анын качып кетүүсү боюнча иликтөө иштери уланууда", - деп билдиришти Башкы штабдан.
Маалыматка ылайык, жоокердин качып кетүү себептерин аныктоо үчүн №36806 аскер бөлүмүнүн штабы жана Аскер прокуратурасы атайын иликтөө иштерин баштады.
Кечээ, 4-сентябрда Ошто аскер бөлүмүнөн ыкчам кызматтын жоокери качып кеткени айтылган. Окуя №36806 аскер бөлүмүндө орун алганы белгилүү болгон. Маалыматка караганда 20 жаштагы Н.Ж. жакынкы күндөрү кызматын аяктамак. Жоокер Чүй облусунун Ысык-Ата районунан чакырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ika8086

06.09.2020. 10:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балким качпай суйлошкон кызына жоолугуп кегендир
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.