super.kg logo

Өкмөт: "Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, тоолуу, интернет байланышы жок аймактардагы мектептерде окутуу салттуу түрдө жүрүп жатат"

 

Өкмөт мектеп окуучуларынын онлайн режиминде билим алуусу боюнча маалымат айдыңында айтылган сынга түшүндүрмө берет.

Өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн билим берүү уюмдары окутуунун дистанциялык формасына өттү. Билим берүү жана илим министрлиги жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өтүлүүчү предметтик сааттар боюнча видеосабактарды уюштурууда. Аралыктан билим берүү Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Баластан", ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын "Илим жана билим" каналы аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Ал эми мобилдик тиркемелер аркылуу мугалимдер менен окуучулардын кайтарым байланышы уюштурулуп жатат.

Өлкө аймагындагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташкан. Учурда мугалимдер мектептен окуучулар менен жадыбал боюнча байланышууда. Мектептердеги интернеттин сапаты, ылдамдыгы кайтарым байланышты уюштурууга жарамдуу.

Учурда сыналгы жана смартфону жок окуучуларга айтылган каражаттарды сатып берүү боюнча иштер жигердүү жүрүүдө.

Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, тоолуу, интернет байланышы жок аймактардагы мектептерде окутуу салттуу түрдө жүрүп жатат.

Мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге методикалык жана психологиялык колдоо көрсөтүү жана бардык суроолоруна жооп берүү үчүн ар бир облустук усулдук билим берүү борборлорунда, райондук билим берүү бөлүмдөрүндө ыкчам байланыштар уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: