super.kg logo

Минск шаарында нааразычылык акциясына чыгып, кармалган студенттердин 25и бошотулду

 

Кечээ, 5-сентябрда Беларусь мамлекеттик университетинин миңдеген студенттери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ондогон студенттерди полиция кызматкерлери жана белгисиз адамдар кармап, номери жок автобустарга салып кетишкен.

Университеттин бир канча студент кыздары окуу жайдын жетекчилигинин дарегине видео кайрылуу жолдоп, кармалган жигиттерди бошотууга көмөктөшүүгө чакырышты.

"Биз шаардын көчөлөрүндө тынчтык жүрүш менен баратканда белгисиз адамдар жана милициянын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери балдарды кармап кетишти. Биз мыйзам бузган жокпуз. Минск мамлекеттик лингвистикалык уинверситетинин студенттерин колдоо үчүн баратканбыз. Буга баа берүүгө чакырабыз", - деп айтылат студенттердин кайрылуусунда.

Кийин көп убакыт өтпөй, Минск шаардык аткаруу комитетинин муниципалдык ички иштер башкармалыгынан ишембиде уруксатсыз нааразычылык акциясына катышкандыгы үчүн кармалган 34 студенттин 25и полиция бөлүмдөрүнөн бошотулганы, калгандары сот иши бүткүчө камак жайларына жөнөтүлгөнүн билдиришкен.

Эске салсак, Минск шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери акыйкат шайлоо жана полициясынын үстөмдүгүнө каршы бир нече күндөн бери нааразычылыктарын билдирип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: