super.kg logo
  Саясат  

Мергенчилик жана мергенчилик чарбаларынын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Бүгүн, 18-сентябрда ЖКда мергенчилик жана мергенчилик чарбаларынын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзам демилгечиси Эсенгул Исаковдун айтымында, акыркы мезгилде мергенчилик иштери баш аламан жүргүзүлүп, коррупциялык көрүнүштөр орун алганы тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Уруксаты жок мергенчилик кылуу фактылары да жок эмес. Ал тургай айрым аймактарда браконьердик жосундары кесипке айланып калган. Мунун баары мыйзам базасынын начарлыгынан улам болууда. Талкуу жүрүшүндө илбирс, мадыл, аркар, кулжа сындуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүк түрлөрүн сактоо, коргоо, көбөйтүү ишин илимий жолго салуу, аңчылыкка көзөмөлдү күчөтүү, айып пулдардын өлчөмүн көтөрүү тууралуу ойлор айтылды. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлорунун топтому 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: