Акыркы суткада дагы 3 медкызматкер илдет жуктуруп алганы аныкталды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, илдет аныкталган ак халатчандар төмөнкү аймактардан.
Ош облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 1.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Республика боюнча жалпы 3 миң 152 медкызматкерден оору аныкталса, алардын ичинен 2 миң 564ү айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.