super.kg logo

"Кыргызстан" партиясы: Биздин мигранттар – биздин инвесторлор!

 

Ар бир эмгек мигранттын акысыз кесиптик билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, жогорку айлык алуусуна жардам беребиз. Мындай пикирин "Кыргызстан" партиясынын платформасын коомчулукка тааныштыруу учурунда партиянын лидери Канатбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, Россияда жүргөн жүз миңдеген мекендештердин ар бири кесипке ээ болсо, чоң компанияларда, ири өнөр жай, финансы жана банк тармактарындагы жоопкерчиликтүү жумуштарды аткарып, жогору эмгек акы алуусуна шарт түзүлөт.

"Биз бул үчүн өлкөнүн бардык аймактарында акысыз кесиптик билим алууга шарттарды түзүп, мүмкүнчүлүк беребиз. Керек болсо, алган билимдери Россиянын талаптарына дал келүүсү үчүн дипломдук иштерди коргоого жана сынактарга орусиялык адистерди чакырып, комиссияга мүчө кылуубуз керек", - деди Исаев.

Ошондой эле партия лидери Орусияда эмгектенип жаткан кыргыз жарандарына юридикалык жана социалдык маселелерде жардам бере турган мыйзамдар менен программалар кабыл алынарын айтты.

Канатбек Исаев ошондой эле айрым мамлекеттер менен кош жарандык боюнча келишим түзүүгө умтуларын айтты. Партия лидери белгилегендей, бул башка өлкөнүн жарандыгына ээ болгон кыргызстандыктардын өз саясий укуктарынан айрылбай мамлекеттик кызматтарда эмгектенүүсүнө жол ачат.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.09.2020. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Уят эле да ушунтип элди алдаган.
06.09.2020. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Силер мигранттарга кам корбосонор да силерди багышын билесинер, ошон учун да эч качан аракет кылган эмессинер, кылбайсынар дагы. Силер таптакыр татыктуу эмессинер!
06.09.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз эли тентип башка мамлекеттерде кор болуп жүргөнүнө биз себепкербиз десенер эл ишенет.
06.09.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин мигранттар бизди байыта турган булагыбыз десенер болмок.Мигранттардын акчасы мамлекетке тушпой силердин чонтогунорго тушуп жатат да.Туура айтыптыр мигранттар депутат,чиновниктердин инвестору да.Кыргызстандын инвестору эмес.
Mister-X түзөттү 2020-09-06 15:31:58
06.09.2020. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жемкорлор бети жок бетондор эбак эле баарын сатып алып коюшса керек, шайлоодон 1 болуп чыкса деле тан калуунун кереги жок
07.09.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мигранттан айлангыла!!! Беш жыл бою кнопка баскандан башка бир жумуш аткарбадыңар го?!
15.09.2020. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан өнүксө анча мынча болсо дагы эл көп мигрант болмок эмес! Күнүңөр мигрантка түшүп калгыдай өзүңөр эмне иш аткарасыңар мамлекетти өнүктүрбөй? Эл өз эл жеринде жашай ала тургандай иш кылбайсыңарбы! Тентиген элдин чөнтөгүн аңдыбай!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: