super.kg logo

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында коронавирус пандемиясынан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган

 

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштары. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди.

Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризиси байкалууда. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүнү каалайбыз жана даярбыз. Себеби "Мекеним Кыргызстан" – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргыз элин кандай негизги көйгөйлөр түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турабыз.

"Мекеним Кыргызстандын" командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын максаты:

  • Өнүккөн рынок экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет куруу;
  • Ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу.

Приоритеттери:

  • Жеке эркиндик;
  • Экономикалык эркиндик;
  • Коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу;
  • Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик;
  • Толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк.

Принциптери:

  • Улуттук кызыкчылыктарга приоритет;
  • Эркин экономикалык жана саясий атаандаштык;
  • Либералдык-плюралисттик башкаруу;
  • Бейпилдик жана ынтымак-ырашкерлик;
  • Рационализм жана прагматизм;
  • Бардар эл жана бакубат өлкө.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
07.09.2020. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артисбекович спикерго ушул партияда кароновирустун чыгыуунун жолдорун шайллоого чейин еле кылабербейби кичине чындыка жакын прагырама менен еле келгилечи ананайындар
07.09.2020. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул партия шайлоого барбай эле койсо эң оңой жолу ошол, элге да пайдалуу болмок.
07.09.2020. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң өнүккөн АКШ чыга албай жатканда, силер жөн эле моколё ичип үйүңөрдө эле жатпадыңар да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: