Ысык-Атада 37 жаштагы тургун өзүн тапанча менен аткан
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 37 жаштагы тургун тапанча менен өзүн аткан. Маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан ырасташып, буларды билдирди.
"Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 4-сентябрда билдирүү келип түшкөн. Анда жергиликтүү тургун өз жанын кыйгандыгы кабарланган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун жансыз денесин сарайдын ичинен табышкан. Анын денесин кароо учурунда көк ала тактар болгон эмес. Каза болгон жаран 1983-жылы туулган М.Н. болгон. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.