super.kg logo

Бүгүн сотто "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы арызы каралат

 

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы арызы каралат. Бул тууралуу партия лидери Адахан Мадумаров онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматты Жогорку Соттон дагы тастыкташты.

"Биз 3 күндөн бери Кыргыз өлкөсүндөгү эң мыкты делген адистер, жактоочулар, укук коргоочулар менен отуруп "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция жана шайлоо мыйзамдары боюнча бизди каттабай коюуга эч кандай себеп жок. Азыркы болуп жаткан кырдаалдын чыңалышына БШК гана күнөөлүү. Соттук териштирүү бүгүн саат 16:30га белгиленди", - деди Мадумаров.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, анда БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткендиги үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берген. БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдогон.

Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. 2-сентябрда БШКнын жыйынында экс-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
07.09.2020. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бутун Кыргызстан ак жол.Кудайдан болуп сот он чечим чыгарып берсин.
07.09.2020. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Соттон женет буйруса
07.09.2020. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Күн карама сотторубуз адилеттүү чечим чыгарып берсин!
07.09.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сот арызды каанаттандырбайт!
07.09.2020. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
БШК да дебилдер отурат экен,откондо Атыр деген айым баарын жер караткан,бироосу толком жооп бере албай кункулдап,созду алып качып жатышат.Буларга акча толонгон ошон учун,эч чындыкты корбой эле четтетишти ойлоп отурат
07.09.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асылбек ханзаада чечет кирет же кирбейт деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: