Ош шаарында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча жыйын өткөрүлдү
Ош шаарында дин кызматкерлеринин катышуусунда улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында "Чыр-чатактарды эртелеп алдын алуу жана болтурбоо тутумун колдоо" аталышындагы жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарада катышуучулар Кыргыз өлкөсүндөгү элдердин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси алдында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
"Улут аралык ынтымакты бекемдөө үчүн жаштардын тарбиясына катуу көңүл буруу керек. Мындайча айтканда, улуттук баалуулуктарды сактап калуубуз керек. Жаштар биздин келечегибиз. Ата үйүндө өз аталык милдетин так аткарып, балдарын туура жолдо жүрүүсүн көзөмөлдөөсү керек. Баланы жашынан деп бекеринен айтылган эмес. Анткени жаш бутак тез ийилет. Биз аларды адамгерчиликтүү болууга тарбиялообуз керек", - деди Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаев.
