super.kg logo

Пульмонолог: "Коронавирус илдети менен ооруган адам дарыгерлердин кеңеши менен дарыланышы керек"

 

Коронавирус илдети менен ооруган адам дарыгерлердин кеңеши менен дарыланышы керек. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

"Коронавирус илдетин дарылоо ооруларды калыбына келтирүү министрликтин көңүлүндө, бул боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатат. 4-дарылоо протоколу иштелип чыкты. Буга эң жакшы деген сапаттуу жардам бере турган дарылоо ыкмалары киргизилди. Жаңы протоколдун өзгөчөлүгү ичинде көп тармактуу иштер бар. Мисалы ооруканада жана үйдө жаткандарды кантип дарылоо керек. Ооруган адамдын ден соолугун калыбына келтирүү боюнча өзүнчө бөлүмдөр бар. Бизде Кыргыз өлкөсүнүн аймагында иштегендер маалыматты алып колдонуп башташты. 4-протоколдун негизинде бейтаптар дарыланып жатышат. Илдет менен ооругандар өз алдынча дарыланганга болбойт. Өз алдынча дарыланганда оор өзгөрүүлөр болуп кетет. Ооруган адам дарыгерлердин кеңеши менен дарыланышы керек. Көптөгөн дарылар социалдык тармактарга сунушталып жатат. Бул туура эмес, зыян тийгизиши мүмкүн. Антибиотик дарылары вируска каршы колдоно турган дары эмес", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: