super.kg logo

Жамгыр жааганда айдоочулар кандай эрежелерди сакташ керек? Милициянын кайгуул кызматы айтып берет

 

3-сентябрда болуп өткөн катуу жаандын кесепетинен Бишкек шаарынын аймагында 11 жол кырсыгы катталган. Мындан улам милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат.

1. Жаан жаап баштагандан тартып алгачкы бир саат аралыгында жолдо жүрүүдө өтө сак болуңуз. Анткени мурдагы жаанга чейинки кургак аба ырайында жолдун үстүңкү катмарында капталган чаң менен асфальттан чыккан кара май жамгыр жааган учурда кайрадан эрип, жолдун бетин ого бетер сыйгалак кылат.

2. Мурда жүрбөгөн жолдордо же суу каптаган көлчүктөрдөн баспай эле коюңуз, анткени нөшөрлөп жааган жаан жер астындагы өткөн суу түтүктөрүнүн үстүндөгү капкакты жаап, суу астында чуңкурлар толуп, сиздин унааңыздын жүрүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

3. Катуу ылдамдыктын кереги жок. Орточо ылдамдык саатына 40-50 чакырымды түзсө жетиштүү. Эгерде унааны токтотуу зарылчылыгы келип чыкса, тормозду эртерээк жана жайлатып басыңыз.

4. Алдыда сизге каршы багытта келе жаткан айдоочуга жана жалпы жол кыймылынын катышуучуларына сиздин келе жаткандыгыңыз көрүнүктүү болушу үчүн, унаанын туманга каршы жарыгыңызды сөзсүз күйгүзүп алыңыз.

5. Эгерде сиздин айдоочулук тажрыйбаңыз жетишээрлик деңгээлде болбосо же өзүңүзгө ишенбөөчүлүк пайда болсо, сиздин астыңыздагы бир багытта бара жаткан унааны ээрчип, артынан айдаганыңыз оң. Бул дагы жол кырсыгынын келип чыгуусунун алдын алууга өбөлгө түзөт.

Андыктан урматтуу айдоочулар жогорудагы эрежелерди так сактоо менен шаарда жүрүүдө, сапарга чыгууда нөшөрлөп жамгыр жаап же өткүн өткөн учурда мүмкүнчүлүк болсо унааны жол жээгине токтотуп, жаандын басылышын күтүп турууга чакырабыз. Бул да болсо жол транспорт кырсыктарынын келип чыгуусунун алдын алууга өбөлгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: