super.kg logo

Бишкекте өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп шектелип чет элдик жаран кармалды

 

Издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү жүргүзүлүп жаткан ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында террорчулук багыттагы өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн Н.А. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалды.

Кылмышка шектүү делген жаран Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн жана Бишкек шаарында жашырынып жүргөн. Сот органдарынын чечими менен кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: