Бишкекте үйүн таппай, адашып калган 6 жашар кыз ата-энесине өткөрүп берилди
Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып калган кичинекей кызга жардам беришти. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына "Аламүдүн базарында кичинекей кыз адашып жүрөт" деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы барып, 2014-жылы туулган Э.А. аттуу кыз адашып, үйүн таппай жүргөндүгү белгилүү болгон. Кызматкерлер кыздын жашаган дарегин жана ата-энесин таап, өткөрүп беришкен.
Өз кезегинде кыздын ата-энеси кызматкерлердин ылдам жана ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.