super.kg logo

Электрондук билет: «О!Деньги» аркылуу телефондун балансынан кантип «Тулпар» картасын толуктаса болот

 

Бишкек шаарынын коомдук транспорту кадимки режимде иштеп жатат. Шаардын мэриясы автобустар менен троллейбустардагы жол кирени «Тулпар» карталары менен нак эмес жүргүзсө боло тургандыгын эскертет. Мунун жол-жобосун айтып беребиз.

«Тулпар» картасын кайдан сатып алса болот?

Ыңгайлуулук үчүн транспорттук карталар О! Мобилдик операторунун бардык сатуу жана тейлөө кеңселеринде жана Бишкек шаарындагы O!Store дүкөндөрүндө жеткиликтүү. Картанын баасы 50 сом, бул баанын ичине бир жолку акысыз жол жүрүү киргизилген.

Транспорттук картаны кантип толуктаса болот?

«Тулпар» картасын «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы телефондун балансынан түз эле төлөсө болот. Бул оңой, тез жана ыңгайлуу.

Муну аткаруу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  1. «Мой О!» тиркемесин орнотуу;
  2. «О!Деньги» бөлүмүн ачуу;
  3. «Тулпар» картасындагы QR-кодду сканирлөө;
  4. Керектүү сумманы киргизүү жана төлөмдү жүргүзүү.

Толуктоо суммасына жараша 2 сомдон 10 сомго чейин комиссия каралган.

Жол кирени кантип төлөө керек?

Эми жол кирени төлөө үчүн «Тулпар» бирдиктүү төлөм картасын атайын аппаратка коюу керек. Жол киренин суммасы автоматтык түрдө алынат.

Google Play же App Store платформаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуңүз да, «О!Деньги» капчыгы аркылуу коммуналдык кызматтарды, интернет, мобилдик байланышты, айып пулдарды, дүкөндөрдөгү сатып алууларды, кафелердеги эсептерди жана 700дөн ашуун пайдалуу сервистерди төлөңүз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: