super.kg logo
  Саясат  

“Ата Журт” фракциясынын лидерлигине Жылдыз Жолдошова сунушталууда

 

“Ата  Журт” партиясынын саясий кеңеши парламенттеги аталган фракциянын лидерлигине Жылдыз Жолдошеванын талапкерлигин сунуштап жатат. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Курманбек Осмонов маалымат булактарынын бирине билдирди.  “Партиянын саясий кеңешинин жыйынында Жолдошова эң көп добушка ээ болду. Мыктыбек Абдылдаевдин да мүмкүнчүлүгү бар. Азырынча лидер болууну каалаган депутаттар өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшө элек. “Ата Журт” партиясынын көпчүлүк мүчөлөрү башчы болууга татыктуу”,- деп билдирди депутат. Айтымында, буга чейин фракция лидерин шайлоо боюнча маселе каралган эмес. Садыр Жапаров депутаттык мандаттан ажырагандан кийин партияга жаңы лидер шайлоо маселеси келип чыгыптыр. Эскерте кетсек, фракция лидеринин милдетин аткаруучу болуп өткөн аптада Улукбек Кочкоров дайындалган эле. 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: