Өлкөдө дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады
Жаңы окуу жылынын башталышы менен (1-класс) дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2022-жылга чейин бардык башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттеринин алкагында 100дөй мектепте ысык тамак бере баштады. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик жана ата-энелердин жардамында дагы 50дөй мектепте ысык тамак уюштурулду.
Биринчи чейректе мектепке 1-класстын окуучулары гана баргандыктан, Бириккен улуттар уюмунун ДАТП балдардын ысык тамагына деп Кыргыз өлкөсүнүн 249 мектебине байытылган ун жеткирип берди.
"Өлкө мектептеринин 70 пайыздан ашыгы тиешелүү техникалык жабдуулар менен камсыздалып, башталгыч класс окуучуларына ысык тамак берилет. Бул БУУ ДАТП жана Орусия сыяктуу донорлордун колдоосу менен ишке ашууда. Аз камсыз болгон айрым үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектептеги ысык тамак социалдык коргоо чарасы болуп саналат жана өздүк бюджетинин 70 пайыздан ашыгын тамактанууга жумшаган жакыр үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын жеңилдетет", - деп айтылат маалыматта.
