Маалыматка ылайык, ипподромдун азыркы абалы авариялык деп эсептелет. Ал 1947-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген архитектору Владимир Нусовдун автордук долбоору боюнча курулган. Тилекке каршы имараттын техникалык абалы жана курулушу азыркы нормаларга ылайык келбейт жана адам өмүрүнө кооптуулук жаратат.

"Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун техникалык корутундусуна ылайык, 2019-жылдын 29-ноябрындагы ипподромдун аймагын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, ипподромдун имараты талап кылынган нормаларга жооп бербейт жана жер титирөөгө туруктуу эмес, ошондой эле авариялык абалда болгондуктан, иштөөсүнө жол берилбейт", - деп жазылат маалыматта.

Ипподромдун авариялык техникалык абалын эске алсак, отура турган орундуктарды көбөйтүү менен имаратты реконструкциялоо мүмкүн эмес. Тилекке каршы комплекс көп көрүүчүлөрдү батыра албайт.

"Ушул жылдын сентябрь айынын башында институттун корутундусунун жана өкмөттүн ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде "Аккула" ипподромунун имаратын республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусун жоготту деп таануу, сүрдүрүү жана жаңы ипподром комплексин куруу жөнүндө №466 токтому кабыл алынган", - деп кошумчаланат мэриянын маалыматында.

"Аккула" ипподрому – Бишкек шаарынын аймагында ат спорт оюндарын өткөрө турган жалгыз жер. Техникалык тапшырма бул сайтка жайгаштырылат: http://zakupki.gov.kg/

Буга чейин "Аккула" ат майданында Көк бөрү боюнча мелдештин финалы өткөн учурда күйөрмандардын сахнанын тирөөчүнө чыгып алганы, баннерлерди тешип көргөндөр, ат майданга чыгып кеткендер интернет колдонуучуларынын арасындагы талкууга жем таштаган.