super.kg logo

Өлкө башчы менен премьер-министр парламенттик шайлоону өткөрүү маселелерин талкуулашты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-сентябрда, премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы, күз-кыш мезгилине даярдыктар ошондой эле парламенттик шайлоону өткөрүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүнүн жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери күчөтүлгөн темпте жүрүп жатканын белгиледи.

Өкмөт башчы коомдук транспортто жана көпчүлүк учурда эрежелерди аткарбай жаткан кафе-ресторандарда санитардык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Эрежени сактабай, улам-улам буза берген кафе-ресторандарга айып пул гана эмес, жапканга чейин жоопкерчиликке тартуу сунушталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин өзгөчө белгилеп, ага байланыштуу аймактардагы ооруканалардын курулушу менен реконструкциялоо иштерине, жаңы медициналык мекемелерди жабдууга, кошумча орундарды даярдоого жана дары-дармектердин запасын камсыз кылууга көңүл бурду.

Мамлекет башчы парламенттик шайлоонун алдында шайлоо тилкелерин талаптагыдай техникалык жана санитардык даярдыктар менен камсыз кылуу, шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Ишкерликти колдоо боюнча иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын ишмердигин, калкты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууну санариптештирүү боюнча иштерди күчтөндүрүүгө, салыктык жол-жоболорду фискалдаштырууну активдештирүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
07.09.2020. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соке озу эч нерсе кыла албайт. Соке озунун тууган туушкандарын жумушка орноштуруу менен алек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: