Ош шаарында имамга жергиликтүү демөөрчү тарабынан автоунаа белекке берилди




Кечээ, 7-сентябрь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаевдин демилгеси менен Ош шаарындагы "Хувайда" мечитинин башкы имамы Бахрам Абдуллажановго жергиликтүү демөөрчү тарабынан Деу Матиз үлгүсүндөгү автоунаа белек катары тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай унаа Бахрам Абдуллажановго дин үчүн көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, бир катар шакирттерди тарбиялап келгендиктен берилген.
Бахрам Абдуллажанов Куранды толук жаттаган жана дин тармагында 11 жыл билим алган. Учурда «Хувайда» мечитинин башкы имамы жана куран окууну үйрөтүп келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.