super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Акыркысы эмес. Дүйнө эли коронавирустан да башка пандемияга даяр турушу керек"

 

Учурда дүйнө элин кооптуу абалга кептеген коронавирус инфекциясы акыркы пандемия эмес жана дүйнө жүзү мындан башка пандемияларга да даяр турушу керек. Бул тууралуу Женева шаарында өткөн брифингде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус билдирди.

Айтымында, адамдардын саламаттыгы коомдук, экономикалык жана саясий стабилдүүлүктүн негизи. Дүйнө эли экономикалык жана саламаттыкты сактоо тармагында бул сыяктуу кырдаалдарга даяр турушу керек.

"Бул акыркы пандемия эмес. Тарых бизди инфекциялык оорулардан улам жаралган пандемиялык кырдаал жашообуздун бир бөлүгү экендигине үйрөтүп жатат. Дүйнөнү мындан башка да пандемия каптаганда, баарыбыз ага туруштук берүүгө даяр болушубуз керек. Бул оору бизди ден соолукту баалаганга үйрөттү. Ден соолук бул колунда бар адамдар гана ээ боло турган нерсе эместигин, ар бир адамдын укугу экендигин даана көрсөтө алды", - деп билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 27 миллион 249 миң 308 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
08.09.2020. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Травит этсенер боло берет да .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: