super.kg logo

АКШ өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев боюнча тынчсызданып жатканын билдирди

 

АКШ Кыргыз өлкөсүндө кармалып, кийин Ташкентке экстрадицияланган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев боюнча тынчсызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу АКШнын маалымат булактарына таянуу менен коңшу Өзбекстандын басылмалары жазып чыгышты

Маалыматта АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси тараткан билдирүүдө Абдуллаев Ташкентте бошотулганы менен анын макамы дагы эле түшүнүксүз бойдон калып жатканы жазылган.

"Вашингтон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди журналисттердин оюн эркин билдирүү укугун сыйлоого жана Абдуллаевге каалаган жагына барууга уруксат берүүгө чакырды. Ошондой эле АКШ Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Абдуллаевди кыйноого алганы боюнча кабарга дагы тынчсызданган", - деп жазылат маалыматта.

Бобомурод Абдуллаев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын өзбек укук коргоо органдары аны үй камагына бошоткондон кийин ачык кат жазып, анда кыйноолор тууралуу айткан. Буга байланыштуу анын Кыргыз өлкөсүндөгү жактоочуларынын бири Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

Эске салсак, Бобомурод Абдуллаев 9-агустта Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармалып, кийин УКМК тарабынан Өзбекстанга өткөрүп берилген. Кийин журналист туура жүрүм-туруму жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулганы маалымдалган.

Маалым болгондой, журналистке Өзбекстандын укук коргоо органдары Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») деген айып тагып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.09.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКШ сен тынчсызданбай эле койчу,сен басып олколор учун биз кайгырып жатабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: