super.kg logo

"Кулактары кесилип, көздөрү чукулган". Францияда аттар массалык түрдө мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат

 

Францияда аттар массалык түрдө мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта асыл тукумдуу аттарга кол салуу 2020-жылдын февраль айында башталганы айтылат.

"Акыркы аптада эле атканаларда 30дан ашуун жылкы өлтүрүлгөн. Жаныбарлардын кулактары жана жыныстык мүчөлөрү кесилип, көздөрү чукулган. Ат ээлери сүйүктүү жаныбарларынын кыйноо менен өлтүрүлгөнүн көрүп, жүрөктөрү ооруп жатканын жашырышкан эмес. Бул окуя бүткүл Францияны дүрбөлөңгө салды.

Жылкы кармагандар күнү-түнү кезекте туруп калышты. Август айынын соңунда Франциянын түштүк аймагында жайгашкан атканалардын биринде аттарга кезектеги кол салуу орун алган. Анда кылмышкерди көрүп калган аттын ээси ага каршылык көрсөтөм деп жатып өзү дагы жаракат алган. Ошентсе да ат ээси жаныбарларын сактап калган. Ал эми шектүү качып кетүүгө үлгүргөн. Ат ээсинин айтуусу менен түзүлгөн фотороботтун жардамы аркылуу жылкыларды өлтүрүүгө шектүү адам кармалган. Бирок тергөөчүлөр бул ишти бир адам эмес, бүтүндөй топ жасап жатканын айтышкан.

Айрым эксперттер аттарды массалык түрдө жана мыкаачылык менен өлтүрүүнү сыйкырчылык ырым-жырымдар менен байланыштырышкан. Мындан улам аттарга кол салып жаткандар кандайдыр бир сектанын мүчөлөрү болушу мүмкүн деген божомолдор пайда болгон", - деп жазылат маалыматта.






"Кулактары кесилип, көздөрү чукулган" Францияда аттар массалык түрдө, мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
08.09.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба кылдым, Аттарда эмне куноо?
08.09.2020. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шизофрения менен ооруган да бироо окшойт. Аттар жөнүндө мүмкүн жаман түш көрдү, анан түшүнө ишенип жүрөт да. Бизде деле түшүнө ишенип жашагандар толтура да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: