Жыл сайын миңдеген тонна кум уурдалат. Италияда кум уурдаган туристке миң евро айып салынды




Италиянын укук коргоо органдары франциялык туристти кум уурдап бара жаткандыгы үчүн кармашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, турист кумду Сардиния аралынын жээгинен уурдаган. Аны тиешелүү органдар аэропорттон кармаганда, андан 9 килограмм кум табылган.
Белгилей кетсек, аталган аралдын кумдуу жээктеринен жыл сайын миңдеген тонна кум уурдалат. Мындай туристтерди чоң өлчөмдөгү айыптар, эркинен ажыратуу да коркута албай келет.
Аталган жерден 2017-жылдан бери өзгөчө кумду, таштарды алууга тыюу салынган. Климаттын өзгөрүүсү жана туристтердин колу туткактыгы кумдуу жээктин жаратылышын бузуп жатат деп белгилешкен эксперттер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
20:44
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nursul

08.09.2020. 12:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
9 килограммга ошончо болуп атышат мына ушундай коргош керек мекенди. А бизде тонналап таш кум башкаларын алып кетип атышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.