super.kg logo

Калифорнияда токой өртүнөн рекорддук көрсөткүчтөгү аянт күйдү

 

АКШнын Калифорния штатындагы өрт 881,4 миң гектар аянтты жалмап кетти. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, Калифорнияда катталган өрттөн 3 миң 866 үй жана курулуш имараттарына залал келтирген. Тилекке каршы 8 адам кайтыш болду.

Буга чейин Калифорнияда 2018-жылы өрттүн кесепетинен 793,2 миң гектар аят күйүп, рекорддук көрсөткүч деп аталган. Ал эми азыркы учурда бул рекорд жаңыланып олтурат.

АКШнын метеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, өрт сентябрь жана октябрь айларында көп катталат. Мындай жагдайды абанын температурасынын көрсөткүчү жогору жана кургак шамалдын көп болгондугу менен түшүндүрүшөт.

Жекшемби күнү Лос-Анжелесте температуранын жогорку көрсөткүчү катталды. Анда 44 градуска чейин ысык болгон. Ал эми рекорддук көрсөткүч 49,4 градус Вудленд-Хиллз районунда Сан-Фернандо өрөөнүндө катталган. Мындай көрсөткүч Лос-Анжелестеги катталган температуранын рекорддук көрсөткүчү болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: