Улуу Британиянын жашоочусу 28 жыл баласынын туулган күнүнө виски белек кылган. Эми баласы вискилердин коллекциясын сатып үй алат
Улуу Британиянын Тонтон шаарынын тургуну үй алуу үчүн алкоголдук ичимдиктер топтомун сатууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, Мэттью Робсондун атасы 28 жыл бою ар туулган күнүндө ага бир бөтөлкө виски белек кылып келген. Азыркы учурда коллекция 40 миң фунт стерлингге бааланууда. Атасы убагында виски сатып алууга 5 миң фунт стерлинг жумшаган. Жыйынтыгында баласы эрезеге жеткенде, атасы ага 18 бөтөлкө виски чогулткан. Убакыттын өтүшү менен сакталып турган вискилердин баасы өсүп, бул вискилер сатыкка коюлуп, Азияда жана Нью-Йоркто чоң кызыгууну жаратып жатат.
Робсон вискилерди сатып, биринчи кирешесине үй сатып аларын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-03
21:07
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.