super.kg logo

"Үйлөнүү той учурунда колуктусун сүйрөп чыккан балбандын окуясы". Кызды эми ата-энеси кубалап чыкты

 

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону, Орусиянын атынан "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына лицензия уткан балбан Заурбек Сидаков үйлөнүү тою өтүп жаткан учурда колуктусунун уяттуу сүрөттөрү тааныштарына келип, тойдон сүйрөп чыккандыгы кабарланган.

Балбандын бул окуясы интернет айдыңында кызуу талкууга алынып, айрымдары Заурбек Сидаковго күнөөнү оодарса, кээ бирлери күнөөнүн баары кызда экендигин жазышкан. Ал эми балбан Заурбек Сидаковдун досу бул окуядан кийин кыздын дагы, Заурбектин дагы ата-энелери катуу сокку алганын орусиялык басылмаларга билдирген.

"Албетте, бул окуядан кийин Заурбек дагы, Мадина дагы жана алардын ата-энелери чоң сокку алышты. Бул окуядан кийин Мадинаны үйүндөгүлөр дагы кубалап чыккан. Учурда ал Москвада экен. Анын бир тууган байкеси ызасына чыдабай үйүн болушунча, бүт талкалаптыр. Кыздын атасы жүрөк оорусу кармап ооруканада жатат.

Заурбектин апасы дагы деле өзүн жаман сезип жатат. Заурбек болсо өзүн алаксытуу үчүн тоодо машыгуусун улантууда. Биз менен бул теманы талкуулабайт. Достору дагы эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп жатабыз. Заурбекке бул окуяны эстеткибиз келбейт. Анткени ал тойдон кийин кичинекей баладай катуу ыйлаган", - деген балбандын досу.

Досунун айтымында, Заурбек Сидаков менен Мадина 28-апрелде сейилдеп жүрүп таанышып калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.09.2020. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман иш болуптургооо
08.09.2020. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экилуу Заурбек...
08.09.2020. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бироонун куноосун Билсен , ошол кунону сен кылба дегендей Сабак болгондойго айрым кыздарга , бирок баарына эмес .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: