super.kg logo

Яндекс Go «Жеңиш ыктыярчыларына» ардагерлерди жана жардамга муктаж болгондорду ташууда жардам берет

 

Бишкекте Яндекс Go (мурдагы Яндекс.Такси) «Жеңиш ыктыярчылары» коомдук кыймылынын «Муундар байланышы» долбооруна кошулду. Долбоордун алкагында ардагерлерге зарыл жардам көрсөтүлөт: транспорт чакырып берүү, азык-түлүк жана дары-дармектерди жеткирип берүү.

Эми долбоордун координаторлору ардагерлерди медициналык текшерүүлөргө жеткирип туруу үчүн колдонмо аркылуу унааларга акысыз буйрутма беришет. Мындан тышкары Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын социалдык бөлүмүнө барууга муктаж болгондорго да жардам көрсөтүлөт. Аз камсыз болгон жарандар ал жерде дары-дармек, кийим-кече, азык-түлүк топтомдорун ала алышат, ошондой эле дарыгерлердин консультациясынан өтө алышат.

«Биз Бишкекте маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жатабыз: ардагерлерге кам көрөбүз, эстелик жерлерин абаттап жардам беребиз, акцияларды өткөрүп турабыз жана үй-бүлөлөрдүн тарыхын калыбына келтиребиз. «Жеңиш ыктыярчылары» өткөн мезгил менен сыймыктанышат, азыркы учурду баалашат жана келечекке кең көз караш менен карашат! Яндекс Go биздин демилгени колдоп, ардагерлер жана жардамга муктаж адамдардын жолдо жүрүшүн мобилдүү кылуу максатында жардам бергени үчүн компанияга абдан ыраазыбыз», – деп белгиледи кыймылдын Кыргызстандагы өкүлү Анастасия Шевченко.

Сапар акыларына кеткен бардык чыгымдардын ордун сервис толтуруп берет, ал эми жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар буйрутмалардын акысын толук өлчөмдө алышат. Кызматташтыктын алкагында 370 акысыз сапар берилди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: