Өкмөт башчы: "Учурда айрым жарандарыбызга Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди"
Авиакаттамдар этап-этап менен калыбына келтирилип жатат. Сентябрь ичинде Орусияга 20 аба каттамы аткарылганын премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Маалым болгондой, 21-августта Кыргыз өлкөсү 32 мамлекетке аба каттамдар үчүн эшигин ачкан.
Өкмөт башчынын айтымында, учурда айрым жарандарыбызга Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди. Ага ылайык:
- Орусиянын жарандыгы барлар;
- Орусияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө);
- медициналык жардамга муктаждарга;
- жакын туугандары каза болгондорго;
- бейтапты караган адамдарга;
- спортчуларга жана башкаларга.
"Ал эми калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат.
Ал эми студенттерге Орусияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусия мамлекети студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык, студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат", - деп кошумчалады Боронов.


1 |