super.kg logo

12 миңден ашуун окуу китеби басылып чыгарылды

 

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Жаңы китеп" мекемеси 12 миңден ашуун окуу китебин басып чыгарды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Катардын кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен 5-6-класстын окуучулары үчүн "Көркөм өнөр", "Технология" дисциплиналары боюнча кыргыз жана орус тилде 12 миң 380 даана китеп басып чыгарылды.

Бишкек шаарына 2 миң 335 китеп берилди. Анын 1300ү кыргыз тилиндеги, 1235и орус тилиндеги окуу куралдары.

Чүй облусуна 8 миң 800 даана китеп бөлүндү (3 миң 715 экземпляр - кыргыз тилинде). Ысык-Көл облусуна 960 даана китеп жөнөтүлдү.

"Жаңы китеп" мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Төлөгөн Аматовдун айтымында, окуу китептер жакынкы 5 жылга ижарага берилет. Ижарадан топтолгон каражатка жаңы окуу китептери басылып чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.09.2020. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга чейин жетип эле келген китептер неге 2 3 жылдан бери сатыла баштады жылда 5 6 класстын китептерин сатып алабыз.
08.09.2020. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура жазылган болсунда эми
08.09.2020. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратыпсынар,13 китептен мектептен 4 эле китеп алдык,калган 9 китепти,издеп, сатып алдык ар бирин 200-300сомдон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: