super.kg logo
  Саясат  

Эрланбек Өмүралиев: "УКМКдан каалаганыңды кылабыз, оппозиция тууралуу айткан сөзүңдү жокко чыгарба деп жатышат"

 

Садыр Жапаров 17-сентябрда журналисттерге маалымат жыйын берди. Анда Жапаров оппозициянын өлкөдө баш аламандык уюштурганы жатканын УКМКга айты берген Эрланбек Өмүралиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Сүйлөшүүнүн аудиожазуусун угузду, анда Эрланбек Өмүралиев делген адам УКМК оппозициянын пландары тууралуу айткан сөздөрүн жокко чыгарбаш үчүн кызмат, акча сунуштап жатканын айтат. Сүйлөшүүнүн стенограммасы төмөндө. 

 

Садыр Жапаров: - Дагы эмне деп суранып атышат булар сенден? Минтип бер, сен жалаа жаап до конца туруп бер деп жатышабы? Ушундай сөз болгон деп айтып бер деп жатышабы же? 

Эрлан Өмүралиев: - Булар мындай деп сунуштап жатышат. Кызматыңды беребиз, сураганыңдын баарын беребиз, чет жакка чыгам десең баарын уюштуруп беребиз. Сен болгону булардан колуңду үз дагы эфирге чыкпа, эфирге чыгып опровержение кылба деп жатышат. Эгерде мен эфирге чыгып опровержение берсем нар жакта башкача резонанс болуп калганы жатпайбы.  

С.Ж.: - Түшүндүм, түшүндүм. Булар ит болгону жатышат да. Шылдың болгону жатышат жалпы элге. 

 

Уландысы бар. Аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уксаңыз болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: