super.kg logo

Апасы ишке алаксып, баласы кайда кеткенин байкабай калган. Бишкекте 3 жашар бала адашып кеткен

 

ИИМдин кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине тапшырышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

8-сентябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Ички иштер министрлигине болжол менен үч жашар баланы алып келишкен. Анда жарандар Лев Толстой көчөсүндөгү базардын аймагынан кароосуз ойноп жүргөн баланы байкап калышып, милицияга кабарлоону чечишкен.

Бала ИИМдин башкармалыгынын имаратында бир сааттан ашык жүргөн жана ал өзүнүн атын гана атай алган. Милиция кызматкерлери баланын ата-энесин табуу боюнча жакынкы аймактарда зарыл болгон иштерди жүргүзүшкөн. Бир нече убакыттан соң гана баланын энеси табылган. Маалым болгондой, баланын энеси дүкөндөрдүн биринде иштеп жүрүп, бир аз убакытка алаксып кетип, баласы кайда кеткенин байкабай калган. Бала ата-энесине өткөрүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.09.2020. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргап отурганын кара коенек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: